Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 12.04.2018 17:34

Ош — Ярославль достук келишимине кол коюлду (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V эл аралык форумунда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Россиянын Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен байланыш, эл аралык мамилелер боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов менен жолугуп, эки шаар ортосунда кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу багытында сүйлөшүүлөр жүрүп, 2018-жылы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев инвестиция тартуу, туризм багытын өнүктүрүү, билим берүү, маданият жана башка багыттарда тажрыйба алмашуу менен бир топ жакшы ийгиликтер боло тургандыгын билдирип, Ош шаарынын мэриясы Ярославль шаары тарабынан өткөрүлө турган иш-чараларды ар дайым колдоого даяр экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Ош шаары 16 шаар менен достук келишиминде. Алардын ичинен Россиянын Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарлары менен кызматташып келген. Мындан ары достук келишимине кол коюлган Ярославль шаары менен да кызматташат.

Мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V эл аралык форумунда Ош шаары алты муниципалдык практика боюнча презентация кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×