Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 12.04.2018 17:06

Ден соолугунун мүмкүнчүгү чектелгендердин бекер билим алуусуна шарт түзүлөт

Turmush -  Кыргызстандын 7 облусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштары долбоордун негизинде маалымат технология тармагы боюнча бекер билим алышат. Бул тууралуу Программдык жабдуулар жана кызматтар өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз ассоциациясы жана IT академиясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун өкүлдөрү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтышты.

Программдык жабдуулар жана кызматтар өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз ассоциациясынын (КАРПОУ) аткаруучу директору Ширин Муканбетованын айтымында, жаңы долбоор Европа биримдигинин каржылык көмөк көрсөтүүсү аркылуу ишке ашырылат. Долбоор 2018-жылдын январь айынан баштап Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга рынокко багытталган билим берүү кызматтарын колдоону максат кылат. Долбоор IT сектору аркылуу туруктуу социалдык кызматташтык жана өнөктөштүктү жаратууну максат кылат. Аны ишке ашырууда эмгек рыногу, иш берүүчүлөр, коомчулук жана IT академиясынын сапатын арттыруу максатында тыгыз кызматташууну түзүү пландаштырылууда. Мындай аракеттер аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын IT (маалымат технологиясы) тармагында квалификациясын арттырып, мыкты жөндөмдөрүнө ылайык иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×