Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 12.04.2018 13:46

Ош шаарында 200дөн ашык ишкердин катышуусунда регионалдык форум өтүп жатат (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарында биринчи жолу кичи жана чакан ишкердик менен алектенген ишкерлердин регоналдык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу регионалдык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Маметжанов билдирди.

Анын айтымында, форумга өлкөнүн түштүк аймагындагы 200дөн ашык ишкер катышууда. Анын жүрүшүндө катышуучуларга ишкердикти өнүктүрүү боюнча маалымат берилип жатат.

«Мындай форум бизде алгачкы ирет өтүүдө. Биз форумга кичи жана орто бизнес өкүлдөрүн чакырганбыз. Бүгүн ишкерлерге акысыз каржылык, юридикалык кеңештер берилет. Мындан тышкары, окуу жайды бүтүп, ишкердикти колго алууну көздөп жаткан жаштарга "Стартап борбор" программабызды тааныштырабыз. Анын алкагында тажрыйбалуу ишкерлер жаш ишкерлерге кеңештерди беришет. Муну менен катар эле көйгөйлөр, өндүрүлгөн товарларды чет өлкөгө жөнөтүүдөгү маселелер талкууланат», - деди ал.

Формдун катышуучулары мындай иш-чаралар ишкердиктин өнүгүүсүнө шарт түзө турганын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×