Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Банк кызматкери Оштун тургундарынын атынан 6 млн сомдон ашык насыя алган. Шектүү камакта (видео)

Turmush -  Коммерциялык банктын Ош шаарындагы филиалында эмгектенип жүргөн кызматкер алдамчылыкка шектелип камакка алынган. Ага алданганын айткан шаар тургундары бүгүн, 10-мартта АКИпресс-Ошто маалымат жыйын уюштуруп, арыздарды укук коргоо органдарындагы кызматкерлер карабай жатканын айтып, президентке кайрылуу жасашты. Жыйынга акча, үйүнүн документин берип алданып калган шаар тургундары катышкан.

Жабыркагандардын бири Саадат Насирдинованын айтымында, Елена аттуу кызматкер жардамга муктаж экенин айтып, үйүнүн документин берип турууну суранган.

«Еленаны мага досум тааныштырган эле. Елена банктын Оштогу филиалында насыя берүү бөлүмүнүн башчысы болчу. Мен ага чындыгында ишенгем. Ал менин үйүмдү күрөөгө коюп, банктан 800 миң сом карыз алган. Башында насыяны 3 ай жакшы төлөгөн. Мен ага июнда берсем, ал октябрга чейин 100 миң сом төлөдү. Андан кийин төлөбөй коюптур, мага кагаз келгенден кийин гана насыяны менин атымдан алганын билдим. Ал мени алтын буюмдар сатылган базарда иштейт деп менин атымдан насыя алган экен. Мен бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жаздым. Көрсө мага окшоп алдангандар көп экен. Азыр анын үстүнөн 8 кылмыш иши козголгон. Убактылуу камакта отурат. Бирок 3 айдан бери абакта отурса да колуна кишен салынган эмес. Ош ШИИБде коридордон жолугуп, айтыша да кеттик. Ал менин башыма урганга жетишти. Мындан сырткары биз 3 жолу тергөөчү алмаштырдык. Биздин ишти орган кызматкерлери карабай жатат. Президенттен көңүл буруп коюуну суранабыз», - деди С.Насирдинова.

Шектүүгө 70 жаштагы Лариса Ромашкина да алданып, үйсүз калуу коркунучунда турат.

«Мен Еленаны, анын ата-энесин жакшы билем. Ал мага насыя алам, жардам бериңиз деп үйдүн документин сурап кеткен. Мен макул болбой жатып, акыры макул болгом. Ал менден 2017-жылдын 13-декабрында тил кат жаздырып, үйдүн документин алып кеткен эле. Бирок жашым 70ке келип калгандыктан, менин атымдан насыя ала албай жатканын айткан. Документимди кайтарып бер десем, 5 күн ичинде менин үйүмдү башка бирөөгө сатып жибериптир. Мага 200 миң сом берсең үйдүн документин беребиз деп жатышат. Мен 6 миң сом пенсия менен жашасам, кантип 200 миң сом таба алам?», - деди Л.Ромашкина.

Ош шаарынын тургуну Марина Рыбалова да Еленага алданган. Ата-энесинин үйүнүн, өзүнүн үйүнүн документтерин ага берип, учурда банкка 1 млн 300 миң сомго карыздар.

«Өткөн жылы менин кызым каза болуп кыйналып турганда Елена мага жардам берип калды. Анын «Апельсин» деген дүкөнү бар болчу. Мен акчадан кыйналганымда ал мени ошол дүкөнгө сатуучу кылып жумушка алган. Мен ал жерде иштеп жүргөм. Бир күнү, "Марина, дүкөндү кичине оңдоп-түзөйлү, товар алалы, сен үйүңдүн документин берип тур" деп калды. Мен эч нерсе оюмда жок, ата-энемдин, өзүмдүн үйүмдүн документин ага бердим. Көрсө, ал менин атымдан банктан 2 млн сом насыя алыптыр, мен аны кийин билип калдым. 2 млн сомдун ичинен 700 миң сомун төлөгөн. Азыр 1 млн 300 миң сом менин мойнумда турат. Мен аны төлөй албасам үйүмдү тартып алып коюшат», - деди М.Рыбалова.

Ал эми Лидия Устинова кызын дарылатууга чогулткан чоң суммадагы акчасын Еленага берип, кайтарып ала албай жатканын айтты. Шаар тургундарынын кайрылуусунан кийин банк Еленаны кызматтан бошотконун да алдангандар кошумчалашты.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын катчысы Райхан Абдразакованын айтымында, айыпталуучунун атына ушул күнгө чейин арыздар келип жатат.

«Бизге ушул жылдын январь айында шаар тургундарынын атынан банк кызматкери адамдардын ишенимине кирип алып, акчасын көбөйтүп берем деп алдап, банктан алган акчаны кайтарбай жатканы боюнча арыз түшкөн. Биздин кызматкерлер ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада банктын кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга алынып келген. Тергөө кызматы тарабынан эпизоддук, алдамчылык иш катары каралып, кылмыш иш козголгон болчу.

Ушул күнгө чейин анын үстүнөн арыздар жазылып жатат. Банк кызматкеринин баш коргоо чарасын Ош шаардык соту 2 ай деп белгилеген. Шектүү аял февраль айында кармалган, андан кийин №5 абакка которулуп, кийин Жалал-Абаддагы аялдар абагына жиберилген. Ошол учурда жалпы чыгым 5-6 млн сомду түзгөн. Акыркы сумма сот отурумунда белгилүү болот», - деди Р.Абдразакова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1252
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×