Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

«Алай» менен «Илбирстеги» футболчулардын беттеши: Алиа Силла дарбазанын темирин сүзүп, эс-учун жоготту (видео)

Turmush -  Ош шаарында 7-апрель күнү Топ-лиганын 1-турунун алкагында жергиликтүү «Алай» клубу менен Бишкектин «Илбирс» клубу беттешкен. Бул оюнда күйөрмандар 4 голго күбө болушту.

Дарбазага 3 голду талаа ээлери киргизишсе, 1 гол коноктордун эсебине жазылган. Оюндун 2-таймында «Алайдын» оюнчулары «Илбирс» клубунун дарбазасына карай активдүү чабуулга өтүп баштаган. Максатбек Алимовдун чыгарып берген тобун чабуулчу Алиа Силла коноктордун дарбазасына багыттайм деп, дарбазаны сүзүп жыгылды. Анын кесепетинен бир нече мүнөткө эс-учун жоготкон. Тез арада ага биринчи жардам көрсөтүлүп, бирок Силла оюнду уланта албасын айтып, оюн талаасына башка футболчу чыкты.

«Алай» клубунун машыктыруучусу Айбек Татанов учурда Алиа Силланын абалы жакшы экенин айтты.

«Алиа Силланын абалы жакшы. Болгону оюнда дарбазаны көкүрөгү менен сүзүп алып, бир аз убакытка өзүн жоготкон экен. Ал команда менен кошулуп, Тажикстанга кетти. Ал жакта «Алай» АФКнын алкагында жергиликтүү «Истиклол» клубу менен ойнойт. Азыр Силла команда менен бирге оюнга даярдыктарды көрүп жатышат», - деди ал.

Алиа Силла 2015-жылы Тажикстандын «Сеска-Памир» клубунан «Алайга» кошулган. Ал буга чейин Кыргызстандын клубдар аралык оюндарында эң көп гол киргизген чабуулчу, мыкты футболчу аталган болчу. Ал Жаңы Гвинеянын жараны.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 568
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×