Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Оштогу жаштар куш салуунун, жаа атуунун сырларын үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Ош шаарында улуттук оюндарды жайылтуу боюнча мастер класстар уюштурулуп, катышуучулар жаа атуу, куш таптоонун жол-жоболорун үйрөнүштү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Нурнуска Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, мастер класска өлкөнүн түштүк аймагындагы мүнүшкөрлөр куштары менен келишкен.

«Биз атайын Ош жергесине кыргыздын куш салуу, жаа атуу өнөрлөрүн жайылтуу максатында келип, жаштарга сабактарды өтүп жатабыз. Жаштар арасында да куш салууга кызыккандар көп экен. Бүгүн Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан да куш таптагандар келип, куштарды сактап калуу жана элге жайылтуу керек экендигин айтышты. Биз дагы салбуруун оюндарын Ош шаарына да жайылтууну көздөп жатабыз», - деди Нуралиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1560
Көп окулду
×