Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 06.04.2018 16:39

Оштогу окуу жайдын курттарга толгон жатаканасы убактылуу жабылды

Turmush -  Ош технологиялык университетинин жатаканасында коңуздар (таракан) чыккандыгына байланыштуу дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу комендант Сардар Жусубалиев билдирди.

Кечээ, 5-апрелде окуу жайдагы студенттер жатаканага эскертүүсүз дары чачылып, жашоочулар чыгарылганын айтышкан.

«Жыл сайын жатакананы курттарга каршы дезинфекциялайбыз. Быйыл дагы атайын токтомдун негизинде жатакананы тазаладык. Алдын ала ар бир бөлмөгө кирип, студенттерге эскертүү бергенбиз. Кечээ, 5-апрель күнү 4 бөлмөнүн студенттери ачкычтарын таштабай кетишиптир. Биз 4 бөлмөнү калтырып, калганын дезинфекция кыла албайбыз. Буга байланыштуу 4 бөлмөнүн кулпусун бузуп кирип, дары чачтырдык.

Бул дарыны чачууга 126 миң 360 сом которулуп, мындай дезинфекциялоо жылына 3 ирет болот. Биз 30-март күнү «А» блокту, кечээ «Б» блокту дезинфекция кылдык. Каалоочу студенттер үйлөрүнө кетишти. Ал эми айрымдары тазаланган жатаканага убактылуу жайгаштырылып, бир дагы студент көчөдө калган жок», - деди С.Жусубалиев.

Ал эми окуу жайдын ректору Абдыкадыр Абидовдун айтымында, жатаканада жалпы 360 студент жашайт. Ар бир жатаканада курттар каптаган учурлар кездешип, жыл сайын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан дезинфекция жүргүзүлөт.

Жатакана

ОшТУ жатаканасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×