Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

30 жаштагы Азаматтын жакындары аны унаасы менен сүзүп өлтүргөн айдоочу камакка алынбаганына нааразы (видео)

Turmush -  ОшКара-Суу унаа жолунда 2017-жылдын 22-ноябрында авто кырсык катталып, Россиянын 30 жаштагы жараны Азамат Исмайылов окуя болгон жерде каза тапкан. Азаматтын ата-энеси жана кырсыктын башка жабырлануучулары бүгүн, 5-апрелде АКИпресс-Ошто маалымат жыйын куруп, Кара-Суу райондук соту шектүүнү камакка албай жатканына нааразычылыгын билдиришти.

Маркумдун атасы Абдулла Исмайылов адам өлүп, өспүрүм балдар жаракат алса да айыпталуучу бир күн да камакка алынбаганын айтты.

«Балам үй-бүлөсү менен Россиядан эс алганы келишкен эле. Ошол күнү өзүнүн баласын жана менин өкүл баламдын уулун жанына алып, «Дэу Лабо» унаасын айдап чыккан. Жолдон унааны буруп жатса артынан катуу ылдамдыкта келе жаткан «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен экен. Андан кийин ал унаа «Дэу Матиз» унаасын сүзүп токтогон. Ал «Матиздин» ичиндеги 3 адам да жабыркаган. Сүзүп кеткен айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кетип, 3 күндөн кийин гана суракка барды. Бирок айыпталуучуну 1 саатка да камай алышкан жок. Азыр иш Кара-Суу райондук сотуна өтүп, шектүүнү камакка алуу өтүнүчүбүздү сот канааттандырбай койду. Адам өлтүргөн айдоочу 5 айдан бери 1 күн да камалган жок. Сотто да жаныбызга отургузуп коюшат.

Мен президенттен, Жогорку соттон, Башкы прокуратурадан өтүнөм: ушул ишти көзөмөлгө алсаңыздар. Сот адилеттүү өкүм чыгарып берсин», - деди маркумдун атасы.

Азамат Россиянын жарандыгын 2008-жылы алган. Үй-бүлөсү менен Россияда жашап, иштеп жатышкан. Анын артында эки уулу калды.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын тараткан маалыматына ылайык, Ош—Кара-Суу жолунун 17-чакырымында 1994-жылы туулган айдоочунун башкаруусундагы «Тойота-Прадо» автоунаасы «ДЭУ Лабо» унаасын сүзгөн. «Лабо» унаасы ордунан жылып кетип, «Дэу Матиз» унаасын сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган Азамат Исмайылов көз жумуп, анын жанындагы 2013-жылы туулган баласы оор эмес жаракат алган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон болчу. 2017-жылдын 29-декабрында шектүү 48 саатка камакка алынып, 31-декабрда сот үй камагына чыгарган. Учурда бул иш Кара-Суу райондук сотунун кароосунда турат.

Кийинчерээк Ош облустук сотунун басма сөз кызматы шектүүнүн камакка алынбаганына байланыштуу маалымат берди.

«Аталган жазык иш Кара-Суу райондук сотуна 2018-жылдын 14-февралында келип түшкөн жана андан бери 8 жолу соттук отурум болду. 3 отурумга жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү келбегендиктен, соттук отурумдар кийинкиге калтырылган. Ал эми кийинки соттук отурумдарда иш боюнча айыпталуучу Б.Б. суралып, жарандык доогер М.М.дин жана иш боюнча күбөлөрдүн толук келбегендигине байланыштуу кийинки күнгө жылдырылып келген. Кийинки соттук отурум 6-апрелге дайындалган. Ал эми бөгөт коюу чарасы катары 2017-жылдын 17-декабрында Кара-Суу райондук соту тарабынан үй камагы тандалган.

Иш боюнча айыпталуучу өнөкөт жүрөк оорулуу экенин, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болгонун эске алган сот ага үй камагын тандоону туура көргөн. Нааразы тараптар кассациялык тартипте Ош облустук сотуна 5 күндүн ичинде даттанууга укуктуу болчу. Бирок даттануу болгон эмес», - деп айтылат Ош облустук сотунун билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1319
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×