Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ошто 18 күндүк «Манас» эпосунан үзүндү айтуу иш-чарасы жыйынтыкталды (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 4-апрелде Ош шаарында өткөн 18 күндүк «Манас» эпосунан үзүндү айтуу иш-чарасы жыйынтыкталды.

Уюштуруучулардын бири Темирбек Муратов аймактык кабарчыга билдиргендей, жыйынтыктоо аземине Ош жана Жалал-Абад облустарынан келген чоң жана жаш манасчылар катышты.

«Манас айтуу жыл сайын Бишкекте гана уюштурулчу. Быйыл Ош шаарында да болуп өттү. Ал 18-март күнү башталган болчу. Сынак мектептерде да өткөрүлдү. Аземге мектептерде мыкты деп тандалган жаш манасчылар чакырылды. Кыргыздын уучу куру эмес экен. Манасчы жаштар өсүп келе жатат», - деди ал.

Бул иш-чарага окуучулар арасында өткөн «Манас айтуу» сынагында 2-орунга ээ болгон 8 жаштагы Искак Чотбаев да келди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1574
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×