Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Түнкү клубдагы мушташ: Ошто 23 жаштагы жигитти ур-токмокко алган шектүүлөр кармалды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы «Туман» түнкү клубунун алдындагы мушташтан 23 жаштагы жигит оор жаракат алды. Жабырлануучу ооруканага 22-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында түшкөн.

Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургунунун колу сынып, денесинен оор жаракат алганы аныкталган.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну колго түшүрүлгөн. Ал эми кечээ, 3-апрелде шектүүнүн шериги Жалал-Абад шаарында кармалган. Ал да 23 жаштагы жигит экени аныкталды.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөр өз көрсөтмөлөрүндө мушташка пикир келишпестик себеп болгонун билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2381
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×