Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Оштогу батирден аял кишинин жансыз денеси табылды

Turmush -  Ош шаарындагы Мамасалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирден бүгүн, 4-апрель күнү аял кишинин жансыз денеси табылды. Куткаруучулар батирдин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Маркумдун өздүгү такталып, 1970-жылы туулган К.В.А. (аял киши) экени аныкталды. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине берилди.

Кийинчерээк Ош ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, каза болгон аялдын туугандары денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарып, ал ооруп жүргөнүн билдиришкен. Денеде зордук-зомбулуктун белгилери болгон эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1217
Көп окулду
×