Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 04.04.2018 11:35

Жаш талант: 17 жаштагы дзюдочу Рамазан Атазов Россиядагы мелдеште Европанын чемпиону аталды (фото)

Turmush -  Ош шаарында төрөлгөн 17 жаштагы Рамазан Атазов Россиянын Тула шаарында өткөн дзюдо боюнча мелдеште чемпион болду.

Рамазандын агасы Шайлообек Атазовдун айтымында, дзюдо боюнча Европа чемпионатына 18 мамлекеттин спортчулары катышты.

«Рамазан 50 кг салмактагылар арасында күч сынашып, 5 атаандашын жеңип алды. Ал өзүнүн салмак даражасы боюнча 1-орунду багындырды. Ошондой эле ал 2017-жылдын ноябрь айында Сочи шаарында өткөн Орусиянын биринчилигинде коло медалга ээ болгон. Мындан тышкары, 2016-жылы өспүрүмдөр арасында Москва шаарынын чемпиону аталган. Рамазан Россиянын көптөгөн шаарларында уюштурулган мелдештерде жеңүүчү болууга жетишти», - деди ал.

Р.Атазов 12 жылдан бери ата-энеси менен бирге Россияда жашайт. Ал 4-классынан тарта спорт менен машыгат. Учурда Москвадагы олимпиадалык спорт мектебинде билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×