Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда роль жараткан каармандар Ошко келишти (фото)

Turmush -  Кечээ, 3-апрелде Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда роль жараткан каармандар студенттер жана окуучулар менен жолугушту.

Шаардык маданият башкармалыгы билдиргендей, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында Кинематография департаменти уюштурган «Кино жана өспүрүм» аталышындагы кино кербен Ошто өз ишин баштаган. Ош облусунун администрациясы, Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган кино кербен жогорку окуу жайларда жана мектептерде улантылды.

Анын жүрүшүндө «Жамийла» тасмасында Сейиттин ролун аткарган Нусрет Дубашев, «Ак кеме» тасмасында Нургазынын ролун жараткан Нургазы Сыдыгалиев жана «Бетме-бет» тасмасында Ысмайылдын ролун аткарган Бусурман Одуракаев студенттер жана окуучуларга чыгармачылыктагы татаал учурларды, образдары жөнүндө айтып беришти.

«Кино жана өспүрүм» долбоорунун негизинде кино кербен эртең, 5-апрелге чейин Ош шаарында жана Ош облусунда өз ишин улантат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1019
Көп окулду
×