Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Математик Абдирасуловдор дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын намысын коргойт

Turmush -  Математикадан дүйнөлүк олимпиада үчүн тандоо туру өтүп, Оштогу лицейдин окуучулары — бир тууган Амирбек менен Адилбек Абдирасуловдор улуттук курама командага кабыл алынды. Жаш математиктердин апасы — кыргыз тилчи мугалим Росита Ормотоеванын айтымында, Амирбек менен Адилбек 4-класстан бери математика боюнча машыгып, республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырып келет.

«Математика чындыгында эң татаал предмет. Кээде күнү-түнү эсеп чыгарып, машыгып жатканын көрүп аяп кетебиз. Мээнети кайтып, ийгилик жаратса сүйүнүп калабыз. Амирбек былтыр Бразилияда өткөн дүйнөлүк олимпиадага катышып, ардак грамота менен келди. Быйыл иниси Адилбек да улуттук курама командага өттү», - деди Р.Ормотоева.

Улуттук команданын курамында Абдирасуловдордон сырткары дагы 4 жаш математик: Жолдубай уулу Бекжол, Болотбеков Адилхан, Жекшеев Дослан, Калыков Алибек бар. Быйылкы дүйнөлүк олимпиада Румынияда июль айында өтүп, ага 120 мамлекеттен эң алдыңкы жаш математиктер катышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2204
Көп окулду
×