Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 02.04.2018 17:47 На русском

Оштогу ата-энелер 2 жылдык ординатура 5 жылга узартылганына нааразычылык билдирип чыгышты (видео)

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуган студенттер менен алардын ата-энелери бүгүн, 2-апрелде АКИpress-Ошто маалымат жыйын өткөрүп, ординатуранын мөөнөтү узарганына нааразычылык билдиришти. Ата-энелер балдарын аталган факультетке 6 жыл негизги багытта билим алып, ординатураны 2 жыл окуйт деп алып келишкенин айтууда. Бирок 8 жылдык билим алуу 11 жылга созулуп кетти.

IMG-20180402-WA0341

ОшМУда уулу билим алып жатканын айткан Рабия Темирова балдарын 11 жыл окутууга ата-энелердин каражаты жетпей турганын белгиледи.

«Биздин балдарыбыз 6 жыл мурда окуу жайга келгенде 6 жыл негизги билимди, 2 жыл кууш адистик алат деп айтылган. Келишим боюнча балдарыбыз 2 жыл өздөрү тандаган тармакта билим алышмак. Бирок 1 ай мурда окуу жайдын жетекчилиги окуу мөөнөтү узартылганын айтыптыр. Биз ага нааразыбыз. Себеби балдарыбыз 6 жылдан кийин да окуусун улантпаса эч жерде иштей албайт экен. Буга баардык эле ата-эненин шарты жок. Окуу жайдын жетекчилиги менен жолукканыбызда алар 6 жыл негизги билим берилсе, 2 жыл жалпы практикалык дарыгерлер тобунда, 3 жыл кууш адистикте окушат деп айтышты. Бекер иштеп, бирок окуусу үчүн акча төлөшөт. Жалпысынан 11 жыл окушат экен. Келишим акча 24 миң сомдон төлөнөт деп айтышты. Дагы 5 жыл окутууга ата-энелердин чамасы жетпейт. 6 жыл окутуп, балдарыбыз иштеп калат деп үмүт кылганбыз. Үмүтүбүз акталган жок», - деди Р.Темирова.

Ошондой эле Ибадат Тыныбекова эгер окуу мөөнөтү мурдагы боюнча калбаса нааразычылыктар токтобой тураганын белгиледи.

«Балдарыбыз 6 жыл окуду. Дагы 5 жыл окуса турмуштан дагы артта калышат. Окуу жайдын жетекчилиги билим сапатын жогорулатып, мыкты адистерди даярдоо аракети деп жатат. Бирок ата-энелер менен бир дагы жолу кеңешүү болгон жок. Биздин талаптар талкууланып, бирок жыйынтыгы болгон жок. Кийин биз жогорку жактын чечимдерине каршы чыга албайбыз деп жатышат. Биз Жогорку Кеңешке, президент Сооронбай Шариповичке кайрылабыз. Урматтуу, эл өкүлдөрү биздин көйгөйүбүздү чечип бергиле. Азыр студент окуткан адамдардын жумушу жок. Бир эле балабызды окутуп отура беребизби? Азыр келишимдик акы 50 миң сомго жетти. Ата-энелердин көбү базарда сатуучу, жер иштеткендер жана карапайым адамдар. Эгер мындай узартуулар алгачкы жылдары айтылганда балдарыбызды окутмак эмеспиз. Эгер биздин талаптар аткарылбаса нааразычылыкты токтотпойбуз», - деди ал.

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетин быйыл 400дөй студент аяктап жатат. Алар 50 миң сомго чейин келишим акы төлөп билим алышкан.

ОшМУнун жетекчилиги буга чейин студенттердин ата-энелери менен жолугушканда окуунун мөөнөтүн өкмөт белгилерин, окуу жай мыйзамдын негизинде иш алып барарын айткан. Ал эми өкмөттүн 2017-жылдын 17-декабрындагы 897-токтомунда медицина факультетинин дарылоо тармагында окуган студенттер 6 жыл негизги, 2 жыл жалпы практикалык жана андан кийин 3 жыл кууш адистик боюнча билим алышы керек деп көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×