Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.04.2018 11:29 Жаңыланды: 02.04.2018 19:24

Ошто 31 жаштагы келин жаңы төрөлгөн ымыркайы менен кошо көз жумду

Turmush -  Ош шаардык төрөт үйүндө 30-март күнү 31 жаштагы келин каза болду. Оорукананын маалыматы боюнча, бөйрөгүнөн жабыркаган кош бойлуу аял өз убагында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн эмес.

Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн операция жасашкан. Бирок бейтаптын бөйрөгү иштебей калды, деп билдирди Ош шаардык төрөт стационарынын башкы дарыгери Зейнеп Исраилова.

«31 жаштагы аял Россияда 2 жыл эмгектенип жүргөн экен. Бөйрөгү ооруганына карабай дарыланбай келген. Кош бойлуу учурунда дагы каттоого турган эмес жана бизге кеч кайрылды. 28-март күнү кан кетип, Кара-Кулжадан келди. Дарыгерлер дароо операция аркылуу жатынын алып, өмүрүн сактап калууга аракет кылышты. Бирок көп кан жоготконуна байланыштуу аял менен баласын сактап кала алган жокпуз. Баласы тирүү, бирок алсыз болуп төрөлгөн. Ошол эле күнү түнкү саат 03:00 чамасында ымыркай чарчап, апасы саат 04:00тө көз жумду», - деди З.Исраилова.

Буга чейин маркум 3 бала төрөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×