Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Ошто нааразы болгон студенттер жыйынга чогулду

Turmush -  ОшМУнун медицина факультетинин студенттери жана ата-энелер окуу жылынын узартылышына каршы болуп, бүгүн, 30-мартта жыйынга чогулду. Алар медициналык факультетти аяктагандан кийинки ординатура баскычынын мөөнөтүн узартуу сунушуна нааразы.

Нааразы болгон тарап жыйында 2 жылдык ординатураны 5 жылга чейин көбөйтүү менен билим алуу 11 жылга чейин созула турганын талкуулашты. Бул талкууга ОшМУнун ректору К.Исаков баштаган жетекчилик жана медицина тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми окуу жай жетекчилиги окуунун мөөнөтү өкмөттүн токтомунун негизинде өзгөртүлүп жатканын айтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1707
Көп окулду
×