Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 30.03.2018 11:18

«Маш ботой» күүсү 200 комузчунун аткаруусунда жаңырды (видео)

Turmush -  Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылышынын урматына чоң программадагы концерттик программа тартууланып, профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлдү. Ошондой эле шаардыктар үчүн опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздар, белгилүү бийчилер майрамдык маанай тартуулаган.

Кечеде «Маш ботой» күүсүн аткарган 200 комузчу өзгөчө көрк кошту, дешет жашоочулар.

Салтанаттуу ачылыш азем кечээ, 29-мартта кечинде өтүп, ага премьер-министр Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардын тургундары жана меймандары катышты.

«Маш ботой» 200 комузчусунун актаруусунда

«Адем» бий тобу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×