Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 30.03.2018 10:42

Ошто таң эрте унаалардын узак тыгыны жаралып, эки унаа кагышты

Turmush -  Бүгүн, 30-мартта эртең менен Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн бир тарабында унаалардын тыгыны бир нече чакырымга жетти. Тыгын А.Навои көчөсүнүн В.Ленин көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, А.Масалиев көчөсүнүн кесилишине чейин жеткен.

Бул көрүнүшкө А.Масалиев көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатканы себеп болду.

Ошондой эле бүгүн таң эрте И.Раззаков көчөсүндө «Хонда фит» автоунаасы менен «Мерседес-Бенц» унаасы кагылышкан. Кырсыктан адамдар жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×