Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахна пайдаланууга берилди (фоторепортаж)

Turmush -  Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылышы кечээ, 29-мартта кечинде салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардын тургундары жана меймандары катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алгач жайкы сахнанын кызыл тасмасын кескен өкмөт башчы шаардыктарды жаңы курулуш объектинин ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле А.Кадырбаев Ош шаарынын инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып баратканын, мындан ары шаарда курулуш революциясы уланаарын билдирди.

Мэриянын маалыматы боюнча, иш-чаранын жүрүшүндө профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздардын, белгилүү бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленип турат. Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.

Акыркы 3 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражат максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен Н.Исанов көчөсү менен В.Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1325
Көп окулду
×