Turmush - Бүгүн, 28-мартта Ош шаарынын тургундары Россия Федерациясынын элине Кемерово шаарындагы оюн-зоок борборунда ондогон адамдын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтышты. Көңүл айтуу иш-чарасына Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, «Грамотей» мектебинин окуучулары, студенттер жана жергиликтүүлөр катышты.
Алар Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратынын алдына гүлдөрдү жана жумшак оюнчуктарды алып барып коюшту. Ошондой эле кырсыкта каза болгон балдарды эскерип, асманга шар учурушту.