Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Ак-Буура дарыясынын үстүнө көргөзмө аянтча курулду (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына курулган көргөзмө аянтчанын (подиум) ачылышы эртең, 29-мартта белгиленет. Мэриянын маалыматы боюнча, аянтчанын тендердик баасы 16,4 млн сомду түзүп, курулуш иштери 2017-жылдын август айынын аягында башталган.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган подиумдун узундугу 60 метр болсо, кеңдиги 40 метр. Көргөзмө аянтчанын узундугу 36,5 метр болсо, кеңдиги 20 метрге жетет. Ал эми көрүүчүлөр туруучу аянтчанын узуну 38 метр (эки тарабында).

Анын айланасына түнкүсүн кооздук тартуулай турган жарык берүүчү жабдуулар да орнотулуп бүттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1496
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×