Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Кочкордун Исакеев айылында жарыктандыруу иштери жүрдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылынын ичи Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жарыктандырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Исакеев айылындагы 1981-жылы төрөлгөн жаштар айылга бара жаткан чоң жолго түнкү чырактарды орнотушуп, аны пайдаланууга беришти. Иш-чарага Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, айыл тургундары катышып, кызыл тасма кесилген. Анда жаштарга каалоо-тилектер айтылып, ыраазычылык билдирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3515
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×