Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 14.03.2018 12:42

Ошто көзү азиз болуп төрөлгөн наристеге мэрия 50 миң сом жардам көрсөтөт (фото)

Turmush -  Ош шаардык мэриясынын аппараты көзү азиз төрөлгөн Табарак Нуркамиловго жардам катары бир күндүк эмгек акысын которот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарынын Кулатов кичи районунда батирде жашап жаткан Асылбек Нуркамил уулу аттуу майып адамдын жакында төрөлгөн перзентинин дарылануусуна акчалай жардам көрсөтүлөт. Наристе 2 айлык боло элек. Мэрия кызматкерлеринин 1 күндүк эмгек акы 50 миң сомду түзөт. Асылбек Нуркамил уулу тубаса көзү азиз. Анын үчүнчү баласы Табарак төрөлгөндө эле көздүн ордуна шишик менен төрөлгөн. Мындан сырткары 2 кызынын да ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Эң чоң кызы сүйлөй албайт, экинчи кызы да көзү азиз туулган. Жаш үй-бүлө буга чейин баласын дарылатууга каржаты жок экендигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×