Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 13.03.2018 11:05

8-мартта 25 жаштагы жигитти тапанча менен карактап кеткендер кармалды

Turmush -  8-март күнү кечинде Ош шаарындагы ресторандардын биринин алдында турган 25 жаштагы жигитти белгисиз адамдар автоунаага күч менен салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, белгисиз адамдар жабырлануучунун башына тапанча такап коркутуу менен акча талап кылышкан.

Жабырлануучунун жанынан акча таппагандан кийин уюлдук телефонун тартып алган шектүүлөр көп узабай колго түштү. Аларды 9-март күнү Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү кармаган. 26 жана 25 жаштагы жергиликтүү тургундар учурда камакка алынып, алардын жанынан табылган травматикалык тапанча экспертизага жөнөтүлдү.

Тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×