Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ошто төрөлгөн 3 эмдин экөө чарчап калды

Turmush -  Ош шаарында 8-март күнү төрөлгөн 3 эмдин экөө чарчап калды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустар аралык клиникалык ооруканадан маалымдашты.

Дарыгерлердин айтымында, ымыркайлардын биринчиси бүгүн, 12-мартта саат 01:40та чарчап калды. Ал 4 сутка 4 саат жана 15 мүнөт жашады. Ал эми, ымыркайлардын экинчиси 3 сутка 2 саат жашап, кечээ, 11-мартта саат 23:35те каза болду.

Учурда ымыркайлардын үчүнчүсү аппараттын жардамы менен дем алып жатат.

Алар айына жетпей төрөлүп, дем алуу жана жүрөк кан-тамыр системалары жакшы өрчүбөгөндүктөн абалдары оор деп бааланып жаткан болчу.

Дарыгерлердин тыянагы:

Ымыркайлардын биринчиси тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Анын мээси толук өрчүбөй, жүрөк кан-тамыр системасы толук калыптана элек болгон. Ошондой эле, ал айына жетпей (29 жума) төрөлгөн.

Ымыркайлардын экинчиси төрөлгөндө эле ооруну козгоочу микробдор бүтүндөй организмине жайылып кеткен. Бул ымыркай да тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүп, мээсине кычкылтек жетпей калган. Ошондой эле, ымыркай айына (29 жума) жетпей төрөлгөн.

Буга чейин Ош шаарында 36 жаштагы аял 3 эм төрөгөнүн Ош облустар аралык клиникалык ооруканадан маалымдашкан болчу.

Дарыгерлердин айтымында, кош бойлуу (29 жумалык) аял төрөтканага 8-мартта саат 10:00 чамасында жеткирилген. Ал кечки саат 21:25те салмагы 1 килограмм 32 грамм, боюнун узундугу 38 сантиметр болгон биринчи ымыркайын (уул) өз алдынча төрөгөн. Саат 21:35те экинчи баласын (кыз) 1 килограмм 29 грамм салмакта (боюнун узундугу 34 см) төрөдү. Ал эми салмагы 960 грамм, боюнун узундугу 26 сантиметр болгон үчүнчү ымыркай (эркек) саат 21:50дө төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1931
Көп окулду
×