Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 10.03.2018 17:49

Фото — Жаздын келиши менен Сулайман-Тоодо гүл ачкан алгачкы гүлдөр

Turmush -  Абанын температурасынын жогорулашы менен Сулайман-Тоонун аймагында тал-теректер бүрдөп, алгачкы гүлдөр гүл ачып баштады. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 11-мартта Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +4...+6 градус, күндүз +10...+12 градус болот.

Шаардын аймагындагы эс алуу бактарында, коомдук жайларда сейилдеп чыккан шаардыктардын да саны көбөйүп, жаздын келишин, жаратылыштагы өзгөрүүнү кубануу менен кабыл алышканы көрүнүп турат.

Жергиликтүүлөр белгилегендей, жыл сайын шаарда биринчилерден болуп бадам гүл ачат. Ошондой эле, ага удаа эрте гүл ачуучу гүлдөрдү көрүшөт.

Шаардык тургун Илхом Сатыбалдиевдин айтымында, Сулайман-Тоодо эрте жазды утурлай ар кандай өсүмдүктөр жана гүлдөр өсүп чыгып, алардын ичинен алгачкылардан болуп хионодокса гүлүн көрүшөт. Ошондой эле, Сулайман-Тоого алгачкылардан болуп адонис гүлү көрк кошот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×