Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ошто китепкананын дубалына өлүм алдында жазылган каттын ээси табылды

Turmush -  Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепкананын имаратынын дубалына өзүн өлтүрүү тууралуу жазуу калтырган кыздын өздүгүн аныктады. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дубалга жазган кыз Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. «7-март күнү милиция кызматкерлери кыз менен маектешип, андан кийин ата-энесин чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыздын мындай кадамына каржы маселеси себеп болгон.

Буга чейин ШИИБдин басма сөз кызматы китепкананын имаратынын дубалына жазылган жазуу боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдаган болчу.

Дубалда орус тилинде: «Я хочу, чтобы после моей смерти этот мир стал лучше. М.М 1996-2018. Привет. Если ты это читаешь, то меня уже нет в живых. Мека 6.03.18», - деп жазылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11109
Көп окулду
×