Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 09.03.2018 11:31

Феминисттердин жөө жүрүшү Ош шаарында уланды (видео)

Turmush -  Кечээ, 8-мартта Аялдардын эл аралык майрамына карата Ош шаарында феминисттик идеяларды карманган аялдар жөө жүрүшкө чыгышты. Акцияга чыккан ондогон адамдар аялдарга карата зомбулукту токтотуу, алардын укуктарын коргоо боюнча чакырыктарды жасашты.

Феминисттердин жүрүшү Ошто уланды.

Феминисттердин жүрүшү, Ош

Ош шаарынын бир катар көчөлөрүн кыдырган айымдардын колунан аялдардын тең укуктуулугун даңазалаган жазуулар бар плакаттарды көрүүгө болот. Милициянын маалыматы боюнча, акция учурунда мыйзам бузуу катталган жок.


Ушундай эле жүрүш кечээ, 8-мартта Бишкек шаарында да уюштурулган. Жүрүштүн катышуучулары ««Россия» кинотеатрынын жанынан жолугуп, Уркуя Салиеванын эстелигине чейин барышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×