Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ошто таң эрте көчө тазалоого чыккан айымдарга белек беришти (фото)

Turmush -  Аялдардын эл аралык майрамына карата «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Талант Капаров таң эртелеп шаарды тазалаган жумушчу айымдарды куттуктап, гүл жана таттууларды белек кылды.

«Майрам экенине карабай шаарды тазалап, жумуш үстүндө жүрөсүздөр. Сиздердин ак эмгек менен тапкан акыңыздар, мээнетиңиздер ак. Айрыкча энелер, эжелер, карындаштар шаардын тазалыгына өзгөчө салым кошуп келет. Майрам күнү сиздерге атайын майрамдык белек берүүнү туура көрдүк», - деди Т.Капаров.

Майрамдык белектерди көчөлөрдөгү, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы тазалыкка жооп берген айымдар жана абоненттик бөлүмдөгү айымдар алды.

Ошондой эле, майрамга карата Өзгөн шаарындагы баатыр энелерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү айымдарга белектер таратылды. Мэрдин милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов алардын үйлөрүнө барып куттуктап, белек тапшырган. Мындан сырткары Өзгөн районундагы ар бир айыл өкмөттөн энелер чакырылып, сый тамак уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1122
Көп окулду
×