Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.03.2018 13:52

Фоторепортаж - Ошто эл аралык «Евразия ишкер айымдары» жармаңкеси башталды

Turmush -  Бүгүн, 7-мартта Ош шаарында «Евразия ишкер айымдары-2018» аталышындагы эл аралык жармаңке башталды. Анын ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Өнөр-жай жана соода палатасынын вице-президенти, Кытайдын Оштогу башкы консулу, Индонезиянын Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы элчиси, Өзбекстандын соода палатасынын өкүлдөрү катышты.

Жармаңкеде Кытай, Өзбекстан, Индонезия, ошондой эле Кыргызстандагы 20 компаниянын продукциялары бар. Өзбекстандагы 100дөн ашык жеке компаниялар продукцияларын алып келди.

Кыргызстандын Өнөр-жай жана соода палатасынын вице-президенти Орозбек Эргешовдун айтымында, эл аралык жармаңкеге 9 өлкөдөн ишкерлер чакырылган. Бирок айрым себептерден улам 3 өлкөдөн гана өкүлдөр келишти.

«Азыр жармаңкеге Индонезия, Кытай, Өзбекстандын өкүлдөрү катышып жатышат. Пакистандыктар үчүн виза маселеси чечилбей калыптыр. Индиядан да 40 компания келе турган болуп, бирок визага байланыштуу келишкен эмес. Мындай жармаңкелер башка өлкөлөр менен карым-катнашты өрчүтүүгө өбөлгө болот», - деди ал.

Өзүн ферганалык ишкермин деп тааныштырган Эркин Хамидов да аталган жармаңкеге өзү жана шакирттери жасаган буюмдарды алып келген. Ал ата кесибин улантып, чоподон өзгөчө буюмдарды жасайт.

«Мындай буюмдарды жасоо ата-бабаларыбыздан калган. Көп жылдан бери ушул өнөрдүн арты менен үй-бүлөмдү багып келем. Бул жармаңкеге өзүм жасаган сувенирлерди, карапа, чыны жана үй-тиричилигине керектелүүчү буюмдарды алып келдим. Булардын өзгөчөлүгү текши түшүрүлгөн гүлдөрдө», - деди ал.

Ошондой эле, Лейлек районунун «Ала-Тоо айымдары» уюмундагы айымдар өздөрү жасаган буюмдарын алып келишкен. Аталган уюмдун мүчөсү Мехринса Акматова килемге президент Сооронбай Жээнбеков менен Кыргыз СССРнин биринчи катчысы, коомдук ишмер Исхак Раззаковдун сүрөттөрүн түшүргөн.

«Бул килемди жасоого 1 ай убактым кетти. Биз Лейлек районунда кыздарга сеп даярдап беребиз. Бул жармаңкеге да кыздардын себине керектелүүчү буюмдарды алып келдик», - деди ал.

Жармаңке 10-мартка чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×