Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 07.03.2018 12:50

Ошто жол эрежесин бузган айдоочу айымдарды гүл менен куттуктап жатышат (фото)

Turmush -  Ош облусунун аймагында 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар улантылып жатат.

Кара-Суу шаарында дагы «Эне адаты кызга үлгү» иш-чарасы уюштурулуп, 100 эне шаардык мэрия тарабынан сыйланды. Майрамдык иш-чарага Кара-Суу шаарынын мэри Кутугалы Козубаев, райондун акиминин орун басары Мехринса Жороева катышкан.

Майрамдык кечеде энелерге концерттик программа тартууланып, баатыр энелер, дарыгер аялдар, мугалимдер жана үй кожойкелери шаардык мэрия тарабынан сыйланды. Ошондой эле, майрамдык дасторкон уюштурулган.

Бүгүн, 7-мартта Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүлөрү аял айдоочуларды гүл менен куттуктап жатышат. Ош облусунун аймагында жол эрежесин бузган аял айдоочуларга эскертүү берилип, унаа башкарып бара жатканда уюлдук телефон менен сүйлөшүп, коопсуздук курун тагынбай жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй кеткен айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×