Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.03.2018 20:10

Ош облусунун өнүгүшүнө салым кошкон айымдар вице-премьер-министрдин катышуусунда сыйланды (фото)

Turmush -  Аялдардын эл аралык майрамынын урматына Ош облусунун өнүгүүсүнө ар тараптуу кызмат көрсөтүп, мекеме-ишканаларда көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан айымдарды өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов куттуктады. Майрамдык кечеге вице-премьер-министр Санжар Муканбетов да катышты.

Өзүрлүү эмгектенип, облустун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн бир топ айымдар өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле, ар бир айымга облус башчысынын атынан белек берилип, урмат-сый көрсөтүлдү. Эстрада ырчылары тарабынан концерттик программа да даярдалган.

Мындай салтанаттуу иш-чаралар Ош облусунун район-шаарларында, айыл-кыштактарда уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×