Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ошто өгөй атасы 5 жыл зордуктаган өспүрүм кыз көз жарды. Анын жакындары сотко нааразы (видео)

Turmush -  Өгөй атасы тарабынан зордукталган өспүрүм кыздын жакындары бүгүн, 6-мартта АКИпресс-Ошто маалымат жыйынга чогулуп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Алар өспүрүм кызды 2012-жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атага жаза мөөнөтү аз берилип калганына нааразы.

2001-жылы төрөлгөн жабырлануучу кыз 2017-жылдын октябрь айында көз жарган.

Өгөй атасы зордуктаган өспүрүм кыздын жакындары сотко нааразы

Өзгөн райондук сотунун 2018-жылдын 27-февралындагы өкүмү менен шектүү 15 жылга эркинен ажыратылды. Ага макул болбогон жабырлануучу тарап Ош облустук сотуна даттанышкан.

Жабырлануучу кыздын апасынын бир тууганы Зулфия Токтосонбаева өгөй ата кызды 11 жашынан бери зордуктап, 5 жыл бою жыныстык катнашта болуп жүргөнүн айтты.

«Кыз 2012-жылы өгөй атасы тарабынан зордукталган. Ошондон бери өгөй атасы пайдаланып жүрүптүр. Биз боюнда бар убагында билдик. Кыз 5-класстан кийин мектепте окуган эмес. Анын келечеги тууралуу эч ким ойлонгон жок. Ошол жылдан бери өгөй атасы менен жүрдү. Кызды зордуктагандан кийин сабап, эч кимге айтпоону талап кылыптыр. Кыздын абалы азыр деле оор. Өгөй атасы күнөөсүн тергөөдө мойнуна алган. Ал эми Өзгөн райондук соту болгону 15 жылга эркинен ажыратты. Ага бул жаза аздык кылат.

Эмне үчүн соттор кайдыгер карашат? Айдай кыздын тагдыры талкаланды. Күйөөсүнө кошуп эжемди соттоп жиберсе деле ыраазымын. Жаш кыздын келечегин эмне үчүн ойлошпойт? Күбөлөр айтып турса да судья 15 жылга гана соттоп койду. Мындай кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажырашы керек.

Кызыбыз өксүп жүрөт. Ичинде көп арман, көп сыры бар. Оорулуу да болуп калды. Буга чейин эки жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Акыркы 6 айдан бери көзөмөлдөп, өзүбүз карап жатабыз.

Судьялардан жаш кызды зордуктаган адамга жетиштүү өкүм чыгарып берүүнү суранабыз. Аны кургак учук менен ооруйт деген жалган шылтоо менен камактан чыгаруу аракетин кылып жатышат. Мен Өзгөн райондук сотуна нааразымын», - деди ал.

Маалымат жыйындын катышуучулары өлкө башчыдан, Жогорку соттон жана Башкы прокуратурадан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүштү.

Кыздын өз атасы оорудан улам каза болгон. Апасы 6 баласы менен айыпталып жаткан кишиге 2010-жылы турмушка чыгып, экөө бир балалуу болушкан. Ал эми айыпталуучу 2017-жылдын 30-августунан бери камакта.

Ош облустук сотунун билдирүүсүндө: «27-февралда Өзгөн райондук сотунун өкүмү менен соттолуучу Б.Ж. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин:

- 129-беренесинин 3-бөлүмүндөгү 1-пункту боюнча эки эпизод менен;

- 129-берененин 3-бөлүмүндөгү 1.4-пункту боюнча бир эпизод менен күнөөлүү деп табылып, ушул эле кодекстин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды жарым жартылай кошуу жолу менен биротоло 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү көрсөтүлгөн.

Соттук териштирүүлөрдө айыпталуучу Б.Ж. күнөөсүн мойнуна алган эмес, бирок анын кылмыштык аракеттери иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу, беттештирүү протоколдору жана кылмыш иштин ичиндеги материалдар менен аныкталды.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 49-беренесинин 8-бөлүмүндө "жаш курагы элүүдөн ашкан эркектердин жана элүүдөн ашкан аялдардын жаза мөөнөтү эркиндигинен ажыратуучу эң узак жаза мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт" деп көрсөтүлгөн. Соттолуучу Б.Ж.нын кылмыштык аракеттери боюнча эң чоң жаза 20 жылга эркиндигинен ажыратуу каралган. Ал эми бул жазанын төрттөн 3 бөлүгү 15 жылды түзөт.

Райондук соттун өкүмүнө нааразы тараптан апелляциялык даттануу түшүп, Ош облустук сотунун кароосуна берилген», - деп айтылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 29098
Көп окулду
×