Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 06.03.2018 12:34

Оштун мэри Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин сындады (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 6-мартта Ош шаарында вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун башчылыгында аймактарды өнүктүрүү боюнча экинчи отурум өтүп жатат. Жыйынга экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, район акимдери, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышууда.

Жыйындын алкагында вице-премьер-министр өлкөдө тышкы экспорт 12-14 пайызга өскөнүн билдирди.

«Отурумда биз бүгүн регондорду өнүктүрүү, унаа жол, электр тармактары, таза суу көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун карайбыз. 2017-жылдын жыйынтыгы жакшы болду. Бирок толугу менен аткарыла элек иштер да бар. Мисалы социалдык-экономикалык иш-чаралар системалаштырыла элек, калк инсфрактурасынын заманбап стандарттары бекитиле элек. Тармактык региондор дагы бирдей деңгээлде өнүктүрүлбөй жаткандыктан миграциянын күч алышына алып келүүдө. Калктын көпчүлүгү Ош, Бишкек шаарларына агылууда», - деди С.Муканбетов.

Мэр Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынан 5 долбоор Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна сунушталганын, бирок 3 жылдан бери колдоо таба электигин билдирди. Мэр аталган фонддун күрөөсүнүн механизми толугу менен иштелип чыккан эмес деп сындады.

«Биз 3 жыл мурун 5 долбоор бердик. Эт, тери, насостук завод, мурас тигүү цехи өздөрүнүн долбоорун 3 жыл мурун беришкен. Ушул күнгө чейин колдоо таба элек. Күрөө коюунун механизмин толугу менен иштеп чыгып берсеңиздер», - деди А.Кадырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×