Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 06.03.2018 09:26

Кара-Суудагы базар чырынан улам А.Эргешовго кол көтөргөн аялдар жоопко тартылсын, - уюмдардын өкүлдөрү

Turmush -  Кара-Суу базарындагы «Кыргыз соода биримдиги» ЖЧКнын ээси Анарбай Эргешовду тилдеп, кол көтөргөндөрдү мыйзам алдында жоопко тартуу зарыл. Мындай талабын коомдук уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйында айтып чыгышты.

«Кыргыз журтум» коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева коомдук жайда чыр чыгаргандар сөзсүз жооп берсин деген пикирде.

«Анарбай Эргешовдун укугун коргоо максатында келдик. Коомдук жайда аны тилдеп, жулмалап, ургулагандар мыйзам алдында жоопко тартылсын. Мындай окуяларга көз жумуп койбошубуз керек. Алар мыйзам чегинде жооп берсин», - деди Сапаргүл Бердалиева.

Маалымат жыйындын катышуучулары Анарбай Эргешов ооруканада дарыланып жатканын, базарга байланыштуу маселелерди чечүү укук коргоо органдарына гана тиешелүү экенин айтышты.

Өткөн жумада Кара-Суу базарындагы талаш маселелерге байланыштуу эки тараптын өкүлдөрү маалымат жыйын курушкан. Маалымат жыйындан кийин Анарбай Эргешовду тилдеп, кол көтөргөндөр да болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×