Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Фото, видео — Ошто бийиктиги 3 метрге жеткен калпак жасашты

Turmush -  Ак калпак күнүнө карата Ош шаарындагы 500дөн ашуун жаштар калпактын элесин чагылдырышты. Ошондой эле, шаар мэринин катышуусунда жөө жүрүш болуп, алгачкы жолу мэрдин кубогуна арналган шайыр тапкычтар (КВН) таймашы өткөрүлдү.

Майрамдык салтанат Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп, А.Кадыров, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов жалпы элди куттуктады, деп билдирди кабарчы. Бул күнгө карата атайын бийиктиги 3 метрге жеткен калпак дагы жасалган.

«Ак калпак — кыргыз элинин улуу мурасы, дөөлөтү. "Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил" дегендей ак калпак аркылуу кыргыз эли дүйнөгө таанылса, кыргыз эли аркылуу ак калпакты дүйнө таанып отурат. Баарыңыздарды Ак калпак күнү менен куттуктайм», - деди шаар мэри.

Майрамдын алкагында борбордук аянтта жаштар флешмоб уюштуруп, кыргыз тилин даңазалаган ырларды көп улуттун өкүлдөрү көркөм окушту. Ошону менен катар калпактар көргөзмөсү уюштурулуп, дизайнер Асылжан Камбарова калпак тигүүнүн жолдорун көрсөтүп берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3111
Көп окулду
×