Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 05.03.2018 17:11 На русском

Ошто жол эрежесин бузган аял айдоочулар белекке гүл алышты, алардын арасында ырчы айым бар (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган аялдарга эскертүү иретинде гүл белек кылды. Унаа башкарып бара жаткан айымдар коопсуздук курун тагынбай, айрымдар жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй, унаа башкарып бараткан кезде уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатышты.

Унаасы токтотулгандардын арасында ырчы Самара Сабирова дагы болду. Ал коопсуздук курун тагынбай бара жатканы үчүн эскертүү алып, Аялдардын эл аралык күнүнө карата гүл менен сыйланды. Ошондой эле, баардык эреже бузган аял айдоочуларга гүл берилип, түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×