Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 05.03.2018 14:39 На русском

Ошто кичи футбол боюнча ХII чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 4-март күнү кичи футбол боюнча Ош облусу жана Ош шаарындагы командалардын катышуусундагы ХII чемпионат жыйынтыкталды. 20-январда башталган мелдеште Ош облусунан жана Ош шаарынан 23 команда чемпиондук наам үчүн күч сынашкан.

Жыйынтыгында «EREM» командасы 1-орунга, «Мухаммед-Умар» командасы 2-орунга, «Партнер Нефть» командасы 3-орунга, «Мухаммед Умар-2» командасы 4-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан атайын даярдалган белектер ыйгарылып, куттуктоолор айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×