Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 05.03.2018 13:39 Жаңыланды: 05.03.2018 15:43 На русском

Фото, видео — Оштогу базарда манты сатып отурган келинди жездеси бычактап кетти

Turmush -  Ош шаарынын борбордук базарынын четинде майда манты сатып отурган 1989-жылы туулган келин бычактан жаракат алды. Аны кечээ, 4-март күнү болжол менен саат 12:30 чамасында белгисиз адам арка тарабынан бычак сайып качып кеткен.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү адам окуядан 10 мүнөттөн кийин кармалганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты. ШИИБдин кайгуул кызмат батальонунун кызматкерлери С.Эсеналиев, М.Абдуллаев жана З.Тургунбаев тарабынан жабырлануучунун жездеси — 1963-жылы туулган Ж.К. шектелип колго түшүрүлгөн.

Шектүү ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ жабырлануучу анын балдызы экенин, ал эжесине (кылмышка шектүүнүн аялына) ортого түшүп ири суммада карыз акча таап бергенин айткан. Аялы карызын кайтаруу үчүн Россияга эмгектенүүгө кеткен. Шектүү балдызын эжесин чет өлкөгө кетирүүгө шарт түзүп берди деп айыптап жатат.

«Ѳлтүрѳйүн дегем, бирок ѳлбѳй калды», - деп көрсөтмө берген шектүү.

Ош облустук ооруканасына жеткирилген жабырлануучунун өмүрүн дарыгерлер сактап калышты. Ал 4 баланын энеси. Бычак сайылганда кѳп кан жоготкону маалым болду.

Учурда кылмышка шектүү Ж.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сурак берип жатат.

Кийинчерээк Ош облустук ооруканасындагы дарыгерлер бейтапка бир жолу бычак сайылганын, абалы канааттандырарлык экенин маалымдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×