Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ош шаарында кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, 8 адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  Бүгүн, 4-мартта таң эрте Ош шаарында эки автоунаа кагышты. Аймактык кабарчынын билдирүүсү боюнча, окуя Т.Кулатов кичи районунун аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус менен "Дэу Матиз" үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан кийин кичи автобустун ичиндеги жүргүнчүлөрдү тез жардам кызматынын 2 унаасы менен ооруканага алып кетишти. Учурда жабырлануучулар жана окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Кийинчерээк Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнөн маалымдашкандай,кырсыктын кесепетинен 8 адам ооруканага түшкөн.

«Бүгүн, 4-мартта Ош шаарынын Т.Кулатов кичи районунда кичи автобус менен «Дэу Матиз» унаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустагы 7 адам тез жардам унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле, «Дэу Матиз» унаасынын айдоочусу да ооруканага жеткирилген. Жалпы 8 адам ооруканага түшкөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4396
Көп окулду
×