Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 03.03.2018 12:51

Ошто вице-премьер Д.Кенекеевдин катышуусунда Туу күнү белгиленди (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 3-мартта Туу күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык салтанатка вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, парламенттин депутаттары, шаар тургундары жана студенттер катышты.

Иш-чарада Д.Кенекеев жана мэр А.Кадырбаев жергиликтүүлөрдү Туу күнү менен куттукташты.

Ал эми парламенттин депутаты Балтагул Нурумбетов мамлекеттик тууну кабыл алууда бир топ талаш-тартыштар жаралганын жана 2 айдан кийин анын кабыл алынганын айтты.

Иш-чарада алгач мамлекеттик туу борбордук аянтка чыгарылып, анын кабыл алынганына 26 жыл толгондугу белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×