Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.03.2018 08:33

Аялдар балдарына, уул-кыздар ата-энеге алимент төлөөдөгү милдеттери

Turmush -  Кыргызстанда алимент көйгөйүнө кабылып, ар кандай суроолорго жооп издегендерди кезиктирүүгө болот. Ал эми алиментти өндүрүүдө көпчүлүккө сот аткаруучулар жардам көрсөтүшөт.

Кыргыз өлкөсүндөгү сот аткаруучулардын аткарган иштери жана милдеттери тууралуу Ош облустук сот департаментинин башкы адиси Алмазбек Макаев айтып берди.

Turmush: Алимент өндүрүүдө кыйынчылыктар көп болобу? Ош облусунда алимент боюнча канча иш өндүрүштө турат?

Алмазбек Макаев: Алимент өндүрүү сот аткаруучуларга эң оор иш. Ата-энелер өзү балдарын карабаса жашы жетпеген балдарына алимент төлөөгө милдеттүү. Алименттерди өндүрүү үчүн жол-жоболор бар. Апасы же атасы баласына каражат төлөбөгөн учурда сот тарабынан чечим чыгарылат. Анда жашы жетпеген балдарын багуу үчүн каражат чыгарылып берилет. Бизде бүгүнкү күндө алимент боюнча 2017-жылга карата 7874 иш турат. Бул Ош облусундагы 7 район жана Ош шаары боюнча көрсөткүч.

Соттун буйругу менен алимент өндүрүү ай сайын милдеттендирилет. Алимент үчүн 1 балага атасынын же апасынын айлыгынын 25 пайызы бөлүнүп берилет. Эгер ата-эне иштебесе көйгөй жаралат. Ал учурда алимент төлөөчү адамдын жашаган аймагындагы орточо айлык акы эске алынат. Азыр алимент өндүрүү жаштардын ортосунда көп болууда.

Turmush: Эгер алимент төлөөчү адам качып кетсе, төлөөдөн баш тартса кандай чаралар колдонулат?

Алмазбек Макаев: Бул боюнча 2017-жылы жаңы беренелерге өзгөртүүлөр киргизилди. Анда эскертүүгө карабастан алимент төлөбөгөн адамдарды 24 саатка чейин камап коюуга укук бар. Биз сотко кайрылып, аны камоого сунуш беребиз. Алимент өндүрүү сот аткаруучунун эң көйгөйлүү иши болуп келет.

Turmush: Алимент үчүн сотко кайрылып, андан соң жарашып алган үй-бүлөлөр дагы кездешеби?

Алмазбек Макаев: Андай үй-бүлөлөр көп кездешет. Жубайлар экөө тең сотко бирге жашап жаткандыгы боюнча кат менен кайрылышат. Алименттен баш тартабыз десе, өкүм чыгарган сот аны кыскартып берет. Ошол учурда алимент төлөөчү тарап милдетинен кутулат.

Turmush: Азыркы учурда өлкөдө алимент төлөгөн аялдар барбы?

Алмазбек Макаев: Алимент — балага ата-эне тарабынан берилүүчү каражат. Балдар атасында же апасында калат. Үй-бүлө ажырашкандан кийин балдар атасында болсо, анда аялы милдеттүү түрдө акча төлөйт. Балдар үчүн алимент төлөөгө эркектер гана милдеттүү эмес. Биздин иште аялдар алимент төлөгөн учурлар көп кезигет. Ошондой эле, ата-энеси үчүн алимент төлөгөн уул-кыздар бар. Эгер ата-энеси колунда жок кыйналып жашаса, баласы ага милдеттүү түрдө акча төлөп турат. Мисал катары айта кетсем, азыр Ошто иштеген жаран Өзбекстанда жашаган апасына алимент төлөйт. Анын энеси сотко кайрылып, кошуна өлкө бизге шериктеш катары кайрылып, биз ага жардам бердик. Учурда ал апасына акча төлөп жатат.

Айрым учурларда кызык фактыларга күбө болобуз. Балдар үйүнөн дагы ата-энесинен алимент өндүрсө болот. Бир жолу Россиядан бизге кат келди. Анда Өзгөн районунун тургуну баласын балдар үйүнө таштап кеткени жазылыптыр. Алар энесин алимент төлөөгө сот аркылуу милдеттендирип, бизди төлөтүп берүүгө жардам сураган. Биз ал адамды таап, акча төлөткөнбүз. Биздеги эл аралык келишимдин негизинде алимент төлөөчү адам чет өлкөнүн жараны болсо да акча өндүртүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Кандай кырдаал болбосун ата-энелер алимент төлөөдөн качып кутула албайт.

Ата-энелер бир баласы үчүн айлык акысынын 25 пайызын, 2 баласы болсо 50 пайызын, 3 баласы болсо 60 пайызынан көбүн төлөөгө милдеттүү. Эгер 14 миң сом айлык алса, 2 баласы үчүн 7 миң сом алимент төлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×