Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

«Ош-Тазалыктын» инспектору грэпплинг боюнча Азия чемпиондугуна жолдомо алды (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында грэпплинг боюнча Азия оюндарына тандоо туру өтүп, Ош шаарындагы «Алп Семетей» спорт клубунан жөнөтүлгөн Ураим уулу Жаныш 1-орунду багындырды. Муну менен ал Азия чемпиондугуна жолдомо алды.

Жаш балбан 66 кг салмакта күрөшүп, өлкөнүн аймактарынан чогулган спортчулардын арасынан алдыңкы болгон. Жаныш Ураим уулу спорттун бул түрү менен машыгып, көптөгөн мелдештерге катышып келет. Учурда ал «Ош-Тазалык» ишканасынын инспектору.

Ийгилик менен кайткан спортчуну «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Талант Капаров жана жалпы жамаат куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Ошондой эле, учурда Ураим уулу Жаныш 5-мартта Бишкек шаарында өтө турган Азия чемпиондугундагы мелдешке кызуу даярданууда. Жаш спортчу 2017-жылы Сочиде 22 мамлекеттин спортчулары катышкан панкратион боюнча мелдеште 2-орунду багындырып келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1404
Көп окулду
×