Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 02.03.2018 13:30

Төлөйкөндөгү жер чыры: Жергиликтүүлөр өлкө башчыга кайрылуу жолдошту (видео)

Turmush -  Бүгүн, 2-мартта АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында Төлөйкөн айылынын тургундары укук коргоо органдары мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп жатканына нааразы болушту. Абдилашим Мамытовдун айтымында, ижарага аукциондун негизинде жер алып, иштетүүгө киришкен. Бирок прокуратура мыйзамсыз деп текшерип жатат.

«Биз айыл өкмөттөн аукциондун негизинде жер алганбыз. Ал жер бош жаткан болчу. Бирок февраль айынын аягында Кара-Суу районунун прокуратурасы жер мыйзамсыз алынган деп, бизди сотко бериптир. Соттон бизге азыр кагаздар келип жатат. Бирок жер айыл өкмөт тарабынан мыйзамдуу берилген болчу. 31 адам алган жерин эми иштетип баштаганда мындай текшерүүлөр бизди кыйнап жатат», - деди ал.

Ошондой эле, ишкер Алмаз Абдалимов укук коргоо органдары кандайдыр бир кызыкчылыктардан улам жерди талашып жатат деген пикирин айтты.

«Ал жерди биз алганга чейин эч ким иштеткен эмес. Ишкерлер жаңы иштетип баштаганда текшерүү келип, кысым боло баштады. Ал жерде кандайдыр бир кызыкчылыктар болушу мүмкүн», - деди ишкер А.Адалимов.

Төлөйкөн айылынын тургундары жерди мурда алганы менен эми өздөштүрө баштаган. Айыл тургуну Төлөнбай Маматбеков мамлекетке 1 млн сомдой салык бере турган ишкерлерге кысым болуп жатат, деп белгиледи.

«Ишкерлер мамлекетке 1 млн сомго жакын акча төлөшөт. Мен өзүм эле 70 миң сомдой акча төлөйм. Бирок прокуратура текшерип, куугунтукка алып жатканына түшүнбөй турабыз. Президентибиз аймактарды өнүктүрөбүз десе, булардын кылганы бул. Текшере берип бизди жүдөттү», - деди ал.

Төлөйкөн айылынын 31 тургуну жол четинде бош жаткан жерлерди аукциондун негизинде алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×