Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Фото - Ошто 2 жаштагы наристени атасынын унаасы тебелеп кетти

Turmush -  Ош шаарындагы күтүүсүз кырсыктан 2 жаштагы наристе көз жумду. Аны атасынын автоунаасы тебелеп кеткен.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кечээ, 1-мартта саат 15:00 чамасында Тургунбаев кѳчѳсүнүн 27 жаштагы тургуну «Мерседес-Бенц-270» үлгүсүндѳгү унаасын үйүнүн алдына нейтралдуу абалда токтотуп, өзү үйгѳ кирген. Андан бир аз убакыттан кийин унаа артка карай жылып, арткы оң дѳңгѳлѳгү ойноп отурган 2 жаштагы баланы белинен тебелеп кеткен. Анын кесепетинен айдоочунун уулу (2016-жылдын февраль айында тѳрѳлгѳн) катуу жаракат алган.

Жабыркаган наристе ата-энеси тарабынан ооруканага жеткирилип, бирок ички органдары катуу жабыркагандыктан дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Жубайлар 2 кыз, 1 уулду болушкан. Наристенин атасы таксист болуп эмгектенип келген. Ал үйүнө зарыл иштери менен барып, кайра тез кайтууну пландаштырганын, шашкандыктан унаанын кол тормозун тартууну унутканын айтууда.

Маркум наристенин туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Учурда тиешелүү техникалык экспертизалар дайындалды. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине кокустук катары катталып, иликтѳѳ иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15271
Көп окулду
×