Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.03.2018 23:49

Сулайман-Тоонун 4 мезгилдеги кооздугу бир сүрөттө

Turmush -  Германияда төрөлгөн түрк уулу Зафер Динчер Кыргызстанга мугалимдик кесипти аркалоо үчүн келген. Ал Кыргызстандагы жаратылыштын кооздугун фотоаппараттын жардамы менен сүрөткө тартып, аны интернет булактары аркылуу жайылтуу менен чет өлкөдөн туристтерди чакырууну максат кылат. Учурда Ош шаарында жашап жаткан 37 жаштагы Зафер Динчердин эмгектери чынында эле керемет.

Зафердин Сулайман-Тоонун 4 мезгилдеги көрүнүшүн чагылдырган сүрөттөрү көпчүлүк тарабынан жогору бааланган. Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинде жайгашкан Сулайман-Тоо Оштун символу экени талашсыз. Анын бийиктиги Ош шаарына салыштырмалуу 300-350 метр жогору.

Зафер Динчер, Сулайман-Тоодо  4 мезгил

Кыргызстандын кооздугу уникалдуу сүрөттөрдө: Ошту байырлаган түркиялык Зафер Динчердин эмгеги

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×