Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.03.2018 09:30 Жаңыланды: 02.03.2018 10:33 На русском

Кыргызстандын кооздугу уникалдуу сүрөттөрдө: Ошту байырлаган түркиялык Зафер Динчердин эмгеги

Turmush -  Германияда төрөлгөн түрк уулу Зафер Динчер Кыргызстанга мугалимдик кесипти аркалоо үчүн келген. Ал Кыргызстандагы жаратылыштын кооздугун фотоаппараттын жардамы менен сүрөткө тартып, аны интернет булактары аркылуу жайылтуу менен чет өлкөдөн туристтерди чакырууну максат кылат. Учурда Ош шаарында жашап жаткан 37 жаштагы Зафер Динчер менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Германия өлкөсүнүн Шондорф-ам-Аммерзе шаарында 1981-жылы төрөлгөм. Ал жакта чоңоюп, Түркия мамлекетинде университетти аяктадым. Ошондон бери Түркияда жашап келгем. Кесибим боюнча физикмин. 2004-жылы Кыргызстанга өз кесибимди аркалап келип, Ош шаарындагы лицейде мугалим болуп иштеп баштадым. Кесибимден сырткары кичинекейимден кызыккан сүрөт тартуу өнөрү менен алектенип келем.

Кичине кезимде ата-энемдин эски фотоаппараты бар эле. Аны менен мен ар кандай сүрөттөрдү тартып, өзгөчө рахат алчумун. Бул кызыгуум Кыргызстанга келгенден кийин өзгөчө баалана баштады. Анткени Кыргызстандын ар бир жери, жаратылышы өзгөчө кооз экен. Мен да бул жерлердин кооздугуна өзгөчө кызыгам. Андыктан Кыргызстандын көп аймагын кыдырып, сүрөткө тартып жүрөм. Ар бир адам өзү жашаган жерине пайдасы тийиш керек деп ойлойм.

Мен тарткан сүрөттөрдү чет элдик маалымат каражаттары кеңири пайдаланат. Алардын бул сүрөттөрдү пайдалануусу менен Кыргызстандын кооздугун көп адам көрүп, турист болуп келет деген ойдомун. Андан тышкары интернет аркылуу сүрөттөрдү жайылтып, Кыргызстандын кооздугун даңазалап, туристтерди тартууну максат кылам. Бул өлкөдө белгилүү Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челекти кооз деп билишет. Мен Алайкуу, Баткен жана Ош облусунун кооз жерлерин сүрөткө тартып, элге сунуштайм. Мен байкагандан түндүк тараптын эли түштүк тарапка аз келишет экен. Алар мен тарткан сүрөттөр аркылуу түштүк облустарды көргөнү келсе, түндүк-түштүк деген ой-пикир жок болсо деп ойлойм.

Айрыкча жайда Кыргызстандын ар бир жери кооз. Аны сүрөткө тартпай коюуга болбойт.

Менин сүрөттөрүмө кызыккан көпчүлүк тойлорго да чакырышат. Бирок мен сүрөт тартуу кесибимди акча үчүн колдонбойм.

Кыргызстандын байлыгы — кооз жаратылышы. Келечекте Кыргызстан өнүгүп, кооз мамлекетке айланат. Анткени айрым мамлекеттерде кооз жаратылыш жок, жасалма жаратылышты жасашат.

Мен 2 бир тууганмын. Үй-бүлөлүү болуп, бир уулум Таласта, бир уулум Ошто төрөлдү. Азыр бактылуу иштеп, кооз сүрөттөрдү жаратып жатам», - деди Зафер Динчер.

Зафердин Сулайман-Тоонун 4 мезгилдеги көрүнүшүн чагылдырган сүрөттөрү көпчүлүк тарабынан жогору бааланган.

Зафер Динчер, Сулайман-Тоодо  4 мезгил

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×