Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 01.03.2018 15:40

Оштогу эки кабаттуу барак тибиндеги үй бузулуп, курулуш эмдигиче баштала элек, - жашоочулар (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарындагы А.Навои жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги барак тибиндеги үйдүн тургундары бир адамдын кызыкчылыгы үчүн жаңы имараттын курулушу башталбай жатканын айтып, АКИпресс-Ошто маалымат жыйынга чогулушту.

Аталган эки кабаттуу үйдүн жашоочулары 7 ай мурун үйүн бошотуп чыгып кетишкен. Бирок биринчи кабаттагы 3 батирдин ээси Альберт Рахманжанов макулдугун бербей, курулуш башталбай жатканын айтышууда.

«Мен бул үйдө 1992-жылдан бери жашайм. Жалпы 51 үй-бүлө бар. Анын ичинен 48 түтүн макулдугун берген. Ал эми 3 үйдүн ээси А.Рахманжанов макул болбой, үйдүн курулушу созулуп жатат. Биз — 48 үй-бүлө батирлеп, вагондордо жашап жүрөбүз.

Биз инвестор издеп, акыры курулуш компания макул болгон. Биздин үйүбүздүн чарчы метрине дагы 15 чарчы метр компенсация катары берилмей болуп, келишим түзгөнбүз», - деди жашоочулардын бири Азиз Эргешов.

Ал эми Эльмира Тоголокова курулуш компаниялардын ишине да Альберт Рахманжанов тоскоолдук кылып, коркутканга чейин барганын айтты.

«Альберттин башка жакта үйү бар. Ал бузулган имаратта күрөөкана ачып, кирише таап жатат. 48 үй-бүлөнүн кызыкчылыгынан өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюуда. Биз үйүбүздү бузуп, эшик-терезелерин чыгарып кеткенбиз. Альберт биздин абалыбызды түшүнбөй жатат. Ал инвесторубуздан үйдүн төрттөн бир бөлүгүн сураган, бирок аны инвестор бере албайт. Үйдүн айланасын тостуралы десек дагы тапанча такап коркутту. Ички иштер бөлүмүнө кайрылдык, бирок чара көрүлгөн жок. Акчасы бардын заманы болуп жатат», - деди Э.Тоголокова.

Ал эми курулуш компаниянын жетекчиси Шарапат Мажитова буга чейинки берген маалыматында, ал элдин ыйлагыдай абалын көрүп макул болгонун айткан.

«Мен алгач макул болгон эмесмин. Кийин чогулушка чакырганда оор шартты көрүп макул болдум. Бирок 1-кабаттагы үйдүн ээлери курулушчуларга тапанча такап, тоскоолдук кылыптыр», - деген Ш.Мажитова.

Жергиликтүү тургундар эми инвестор дагы баш тартат деп чочулашат.

Ал эми Альберт Рахманжанов үйдү кура турган тарапка ишеним артпастыгын билдирди.

«Бул жерде 4 адам үйүн берүүгө каршы. Мен алардын өкүлүмүн. Эгер биз дагы макул болсок, үй курулуп бүткөндөн кийин бизге бербей коюшат. Мен буга чейин ал эженин компаниясы курган көп кабаттуу үйдүн 2-кабатынан батир алгам, бирок ал сатып жиберген. Бул үйдү деле бүткөндө бербей коёт», - деди А.Рахманжанов.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, ал жерге жаңы үй курууга уруксат берилген.

«Бизге бул маселе боюнча кайрылышкан. Ал үйдө суу, газ, канализация болгон эмес. Ага байланыштуу биз керектүү документтерди даярдап, жаңы үй курууга макул болгонбуз. Жашоочулар гана бир келишимге келбей, созулуп жатат», - деди М.Исраилов.

Шаардын так ортосундагы аймакка 12 кабаттуу үй куруу пландалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×