Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 02.03.2018 09:10

Бир жылда Ош шаардык прокуратурага 72 тергөөчүнүн үстүнөн арыз түшкөн

Turmush -  Ош шаардык прокуратурасына 2017-жылы Ош ШИИБдеги 72 тергөөчүнүн үстүнөн арыз түшкөн. Бул тууралуу кечээ, 1-мартта Ош шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөр менен болгон жыйынында айтылды.

Анда маалым болгондой, Ош ШИИБдин тергөөчүлөрү тарабынан алгачкы текшерүү үстүртөдөн жүргүзүлүп, тактап айтканда окуя болгон жерде кароо жүргүзүлбөйт. Тиешелүү далил буюмдар, окуя боюнча тиешелүү күбөлөрдөн түшүнүк каттар алынбай, айрым учурда негизги күбөлөр суралбай, келтирилген зыяндуу суммалар аныкталбаган учурлар кездешүүдө.

Бул көйгөйлөр тергөөчүлөрдүн жетекчилери толук көзөмөл кылбаганынан кабар берет. 2017-жылы Ош ШИИБдин тергөөчүлөрү тарабынан соттук кароого берилген иштердин арасынан тергөө мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн 10 кылмыш кайтарылган. Ал эми Ош шаардык тергөөчүлөрүнүн үстүнөн Ош шаардык прокуратурасына 72 арыз келип түшкөн. Ал эми 2018-жылдын 2 айында 19 арыз жазылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×